АДМИРАЛТЕЙСТВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИРАЛТЕЙСТВО – 1) 17–19‑кылымдарда Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер-­деңиз күчтөрүн башкаруучу жанa командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда Адмиралтейство Улуу Брита­нияда гана сакталып калган. Ал 1690‑жылы не­гизделип, 1869‑жылдан Адмиралтействонун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери боюнча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чий­меси боюнча Балтика деңизинде Неванын жээги­не биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑жылы салынган. 1711‑жылы башкы фасаддын ор­тосуна шпили менен мунара тургузулган. 1732–38‑жылдарда таш менен кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийиктиги 72 мге жетип, шаар­дын архитектуралык композициясынын ролун кү­чөткөн. 1806–23‑жылдары архитектор А. Д. Захаровдун дол­боору боюнча П түрүндөгү планды сактоо менен чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновс­кий, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пименов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945–56‑жылдары калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ. В. И. Щербакова). Адмиралтейство ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.
Ад.: Пилявский В. И. Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; Сашонко В. Н. Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.