АК-ШЫЙРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:08, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК ‒ Теӊир-Тоодогу суу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Жаздын оӊ куймасы. Узундугу 98 км, алабынын аянты 2290 км2. Борколдой кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү мөӊгүлөрдөн (Чолок-Капчыгай) башталып, Кайчы суусу кошулганда Ак-Шыйрак деп аталат. Негизги куймалары: Бикиртик, Коёнду, Боз-Жалпак, Кайчы, Жаӊгарт ж. б. Суу куралуу аянтынын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 3800 м. Чаты 2000 м бийикте. Майда кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 13 м3/сек; байкалган эӊ көп чыгымы ‒ 11 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,48 м3/сек. Алабында, жалпы аянты 406,6 км2 келген 243 мөӊгү бар. Боюнда Ак-Шыйрак кыштагы жайгашкан.