АК-СУУ-АРАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 29 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ-АРАШАН ‒ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы өсүмдүктөргө бай, карагай-бадалдуу, ысык булак чыккан кооз жер. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Алтын-Арашан суусунун ортоңку жана Алмалынын (Ак-Суунун куймалары) төмөнкү агымынан орун алган. Каракол шаарынан 15‒20 км түштүк-чыгыш тарапта. Басымдуу бийиктиги 2500‒2800 м, эӊ бийик жери 3500 м. Аянты 30‒35 км2. Меридиан багытында созулган субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөӊ, тоо капталдары тик (30‒40°), төмөн жагында (түндүгүндө) кууш капчыгай бар. Жайы серүүн (июлдун орточо температурасы 12‒15°С), кышы жылуу (январдыкы ‒5...‒10°С). Жылдык жаан-чачыны 500‒700 мм. Малга жайлуу. Алмалы айрыгында Ак-Суу санаторийи жайгашкан.