АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 28 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ, антропоэкология – адамдын көп компоненттүү, дайыма та­таалдашып турган динамикалуу жашоо чөйрөсү менен өз ара карым‑катнашын комплекстүү изил­дөөчү илим; социалдык экологиянын бир бөлүгү. Анын негизги максаты адамдын иш‑аракетинин натыйжасы менен өндүрүштүк‑экономикалык, атайын өз­дөштүрүүнүн жана a табигый ландшафттын өзгө­рүүсүнүн закон ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү, анын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу менен болтурбоо чараларын көрүү. Терминди америкалык окумуштуулар Р. Парк ж‑a Э. Бюргесс киргиз­ген (1921). Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун баалоосу боюнча адам оорусунун төрттөн үч бөлүгү курчап турган чөйрөнүн экологиялык бузулушу менен байланыштуу. Айлана‑чөйрөгө түрдүү ант­ропогендик уулуу заттардын ашыкча топтолу­шунан ар кандай оорулар пайда болот. Мисалы, Японияда «Минамата» (сымаптын кошулмала­рынын көбөйүшү), «Итай‑Итай» (кадмийдин көбөйүшү), чернобыль оорусу (радиоизотоп йод ­131) ж. б. Курчап турган өнөр жайлуу борбор­лордун калкы өзгөчө жапа чегүүдө. Кийинки кездери шаар тургундарынын арасында онкология оорулары көбөйүүдө. Ал чөйрөнүн булганы­шы, социалдык-экономикалык факторлор (алкоголь, гормон­дук бузулуу, тамак‑аштын начарлашы ж. б.) менен байланыштуу, к. Экология.

Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Данилов‑Данильян В. И., Лосев Н. С. Экологический вызов и устойчивое развитие. М., 2000; Алдашева А А и др. Экологическое сознание. М., 2001.
Т. Ниязов.