АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ
АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ – адамдын негизги укуктарын жанa эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуалдык укуктардын жыйындысы. Буларга укуктарды жанa эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамлекеттик органдардын же алардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулугу, эгер коргоонун мамлекеттик ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын жан a эркиндиктерин коргоо боюнча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз жанa бейтарап калыс сот, ошондой эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам менен белгиленген Омбудсмен – Акыйкатчы; адам укуктарын жанa эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди жанa чектерди белгилеген эрежелер кирет.
М. Керимбаев.