АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АК-ЖАР – Талас районундагы кыштак. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1351 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Көк‑Ой кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑ж. отурукташкан. Калкы 2069 (2009); негизинен мал чарбасы менен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.