АК-ЖАР - Кочкор районундагы кыштак.
Jump to navigation
Jump to search
АК-ЖАР – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кум‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 15 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 75 км. Деңиз деңгээлинен 1836 м бийиктикте. Калкы 1656 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, байланыш түйүнү, клуб, мончо, дүкөн бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Сагынбаева туулган.