АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык‑Көлдүн түштүк жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусу­нун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң районунун ай­магында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бой­лой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалча­лардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930­-жылдагы топографиялык картада азыркы жарым арал­дын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздык­тар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑ж.). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчала­рынын бир бөлүгү талкаланып, кум плитала­рына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан ке­мелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 м. Таманы илешкээк ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал жана анын акваториясы суу­чул куштардын, анын ичинде ак куулардын кышында байырлоочу жайы.