АК-БОГУС АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:17, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БОГУС АШУУСУ – Академик Адышев кыр­ка тоосунун Ак‑Богус (түндүк) жана Дагдул (түштүк-­батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Де­ңиз деңгээлинен 3800 м бийиктикте. Ак‑Богус (түштүк-чыгыш) жана Буйга (түндүк-батыш) өрөөндөрүн бай­ланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмак‑Суу, жогоркусу Ак‑Богус. Калмак‑Суу ашуусу тик, аскалуу, Ак‑Богус тайпаң жон, кум шагылдуу жана байыркы мореналуу. Ак-Богус ашуусу ар­кылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке жана Гүлчө өрөөндөрү менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токой­луу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шал­баа жана субальп шалбаалуу талаа ландшафтта­ры мүнөздүү. Июнь–октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2‑бөлүгү кыргыз диалектин­де жана айрым түрк тилдеринде «богус», «богоз», «богос», «бугаз» формаларында кездешип, тоо­лордогу өткөөл, булуң, кокту‑колоттордун ко­шулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.