АЙЫР ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:10, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫР ТОО – суу бөлгүч кырка тоолор. Алар суу алаптарын же суу башаттарын бөлүп турат. Мисалы, Борбордук Теңир‑Тоодогу Ак‑Шыйрак кырка тоосу Нарындын жана Таримдин алаптарын бөлүп турат. «Айыр» деген түшүнүк башка тилдерде да кеңири таралган, бирок түрдүү маанилерди берет: азербайжанча «айрыж» – жол тоому, алтайча, өзбекче «айры» – шаңшаар, капчыгай. Казакстанда Аир наамындагы көптөгөн тоолор жана ашуулар бар; монголчо «айрик» – жапыз тоо, дөбө маанисинде, к. Суу бөлгүч.