АЗОР АНТИЦИКЛОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 17 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океаны­нын түндүк бөлүгүндөгү субтропик жана тропик ал­кактарында пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; ай­рыкча жайында даана байкалат. Азор антициклону Евразия­нын, айрыкча Түштүк Европанын жана Түндүк Афри­канын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).