АЗОНАЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:42, 17 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОНАЛУУЛУК (а... жанa грекче zone – алкак, зона) ­белгилүү бир аймакта зоналуулук закон чене­минен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуш­тун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфострукту­расына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыр­тыштын жана органика дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.