АЖЫКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АЖЫКЕ to АЖЫКЕ Жайлоо) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫКЕ – Түш. Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түш.-батышынан жана баты­шынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чек­тешет. Кара‑Кулжа кыш‑нан 40‑45 км түш.-чы­гыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңг. орт. бийикт. 1800–2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан‑Таш тоосунда). А‑нин түш. жана чыгыш капталы тик келип, түн.-батышка жантайың­кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринен турат. Батыш жана түн.-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты кон­тиненттик, жылдык орт. темп‑расы 3,2°С, ян­вардыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 мм. Батыш жана түн. капта­лында карагай, арча токою, чыгыш жана түш. беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. А‑ге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бете­ге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа р‑нунун малы жа­йылат.