АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ
АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Ивановка айылынан 28 км түштүктө, Кыргыз Ала‑Тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1079–1200 м бийиктикте. 1969‑ж. табылып, 1973- жана 1987‑ж. геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары пролювий‑аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум‑шагылдын үстүндө жатат. Катмардын узундугу бир нече кмге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Саргыч боз түстө. Арасында бирин‑серин гипс кезигет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%; 0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%; 0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүүлүгү 18%. Чоподон Ивановка курулуш материалдар комбинаты «75», «100» маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы боюнча 815 миң м3, C1‑1687 миң м3, B+C1‑2502 миң м3. 1996‑жылга карата калган запасы В категориясы боюнча 354 миң м3,C1–1671 миң м3, В+С1 – 2025 миң м3.