АЖАЛ ӨРӨӨНҮ
Jump to navigation
Jump to search
АЖАЛ ӨРӨӨНҮ (Death Valley) – Чоң бассейндин түштүк бөлүгүндө жайгашкан тоо аралык ойдуң. Мохаве чөлүндө (АКШ). Узундугу 250 кмдей. Түндүк Американын эң чуңкур (деңиз деңгээлинен 86 м төмөн жайгашкан) жери, суусуз ойдуң. Батыш жарым шардагы эң ысык жер; анда абанын температурасы 56,7°Сге чейин ысыйт. 1849‑ж. алтын издөөчүлөр тобу суудан өксүп каза табышынан улам ушундайча аталган.