АГЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЫМ, а г ы н ‒ суунун нук менен агуу кыймылы. Жер бетине түшкөн жаан-чачындан, кар жана мөӊгүнүн эришинен пайда болгон суулар эӊкейишти карай сарыгып агып, бири-бирине кошулуп, улам чоӊоюп олтуруп, туруктуу нукка куюп, агын сууларды пайда кылат. Агын суулар бири-бирине кошулуп, дарыяны жаратат. Дарыя көлгө, деӊизге, океанга куят. Бул процесстер агымдын пайда болуу же агымдын калыптануу процесси деп аталат. Убакыт бирдиги ичинде (жыл) агып келип, океанга кошулган суу да «дарыя агымы» деп аталат. Ал эми суунун нук аркылуу агуу кыймылын «агын» деп атоо ылайык.