АГУЛЬ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГУЛЬ ТИЛИ – агулдардын тили. Лезгин тилине (чыгыш-лезгин топчосуна) кирет. Дагестандын Агуль, Курах райондорунда, Азербайжан, Россия Федерациясынын айрым аймактарына тараган. 1990-жылы 10-августта тпиг диалектисинин базасында орус алфавитинин негизинде агуль тилинин алфавити кабыл алынган. Ага чейин агуль тили күнүмдүк пикир алмашуунун тили катары колдонулган. Агуль тилинде биринчи Букварь 1992-жылы басылып чыккан. Негизги 3 диалектиси бар: агуль (тпиг – Агуль районунун Тпиг борборунун аталышы, адабий тилдин негизин түзөт), керен жана кошан. Кошан диалектисин башка диалектиде сүйлөөчүлөр түшүнүшү кыйын. Үндүүлөр системасында 5–6 фонема бар: i, ü, u, e, ä, a; чыгыш жөндөмөсүнүн 8 түрү кездешет. Род категориясы жок.