АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:38, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган илимий, уюштуруу-техникалык, экономикалык жана өндүрүштүк система. Агромелиорация иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо ж. б. иш-чараларын камтыйт.