АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ‒ топурак кыртышынын структурасы менен кошо түрдүү табигый жана айыл чарба өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу ж. б. жерлер) негизинде бөлүнүп алынат, аны айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык, экономикалык жактарын караган мекемелер пайдаланат.