АГИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГИОГРАФИЯ (гр. – ыйыктар жөнүндө жазамын) – диний темада жазылган чыгармалар. Пайгамбарлардын жана олуялардын турмушу тууралуу чагылдырылат. Ар кандай диндерге байланыштуу Агиографиянын темасы, идеясы, максаты ар түрдүүчө болгон. А. Навоинин «Пайгамбарлар жана даанышмандар тарыхы» деген чыгармасында ислам дининин ыйыктары жөнүндө айтылат. Кыргыздардын революцияга чейинки жазма жана оозеки адабиятында мындай чыгармалар болгону менен алардын көбү бизге толук жетпей калган. Акын Э. Эрматов Мухаммед пайгамбар тууралуу ыр китебин жазган жана анда ал инсандын өмүрү, ишмердүүлүгү чагылдырылган.