АГАТАН-МАНАК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:44, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГАТАН-МАНАК ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40 км2ден ашык. Узундугу 70 кмдей. Жеринин бети түштүк-чыгыштан түндүк-батышты карай жантайыӊкы; дөӊсөөлүү. Негизинен палеозойдун карбонаттуу терриген тоо тектеринен түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450‒500 мм. Өрөөн аркылуу Агатан-Манак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300‒2500 м), субальп (2500‒3000 м) жана альп (3000‒3600 м) ландшафты басымдуу. Жайкы жайыт.