АВТОРИТЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:38, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРИТЕТ (нем. Autroritдt ‒ таасир, бийлик) ‒ айрым инсан, топ же уюм тарабынан адамдардын ишенимине жана иш-аракеттерине көрсөтүүчү таасири, б. а. башкаруу төбөлдөрүнүн бийликти ишке ашыруу формаларынын бири. Авторитет мамилелери коомдук турмуштун эӊ эле ар түрдүү чөйрөлөрүндө: үй-бүлөдө (ата-энелер Авторитети), мектепте (мугалимдин Авторитети), илимий ишмердүүлүктө (окумуштуунун Авторитети), формалдашпаган топтордо (лидердин Авторитети), уюмдарда (жетекчинин Авторитети) ж. б. пайда болот. Авторитеттин таасирдүүлүгү ‒ инсандын айланасындагылар тарабынан анын башкалардан айырмаланган жөндөмүнүн таанылышы. Андай жекече сапаттары (компотенттүүлүгү, билимдүүлүгү, ыймандуулугу, тажрыйбалуулугу), теги (дворян сословиесине, калк кастарлаган үй-бүлөгө таандыктыгы), курамы, социалдык статусу, маалыматтуулугу, байлыгы, сиӊирген эмгеги, диний мансабы, жетекчилик кызматы д. у. с. калк тарабынан кабылданышы жана баш ийүүсү ага кеӊеш берүүгө, тескөөгө, буйрук берүүгө формалдуу же формалдуу эмес укукту берет. Ошондуктан Авторитет бийликтин формасы болуп саналат. Авторитет мажбурлоонун тарыхый өзгөрмө формалары менен индивиддердин пикирин, сезимдерин, иш-аракеттерин белгилүү бир нормалар менен жоболорго моюн сундуруунун ортосундагы социалдык байланыш менен өз ара мамиленин белгилүү бир тибин чагылдырган категория катары мүнөздөлөт. Анын үч түрү бар: 1) күч Авторитети (архаикалык коомдо); 2) ишеним Авторитети (салттуу коомдо); 3) жүйөлүү акыл-эс Авторитети (индустриялык коомдо). Авторитеттин формаларынын тарамдалышы философияда дыкат изилденген. Антикалык мезгилдеги моралдык Авторитеттин үстөмдүгү орто кылымдарда диний Авторитет менен алмаштырылган. Гоббстон тартып Жаӊы мезгилдин философиясында диний Авторитет четке кагылып, илимий билимдерге негизделген адеп-ахлактык Авторитеттин мааниси баса белгилене баштаган. Англиялык жана француздук Агартуучулук доордо акыл-эстүү же жүйөлүү укукка негизделген Авторитет тууралуу окуулар иштелип чыккан. Учурдагы саясий философияда Авторитет каалагандай күч менен бийликтин зарыл шарты катары каралат.

М. Т. Артыкбаев. Н. К. Алиева.