АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:25, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК ‒ физикалык-химиялык кубулуштардын таасиринен ар түрдүү тоотектердин үбөлөнүп, күкүмдөлүшүнөн пайда болгон топурак. Алар негизинен кургак климаттык шартта өөрчүп, өрөөндөрдө, бөксө тоо жана субальп, альп алкактарында таралган. Ага күл, кара, күрөӊ, кара күрөӊ токой, коӊур, боз, ошондой эле субальп, альп ж. б. типтеги топурактар кирет. Автоморфтуу топурак жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Кыргызстандын бардык аймагында кездешет. Автоморфтуу топурак башка топурак түрлөрү сыяктуу деградацияга алып келүүчү коркунучтуу факторлорго ‒ эрозия, кыртыш түзүлүшүнүн бузулушу, шорлонуу, чириндилүүлүгүнүн төмөндөшү жана кыртышынын булгануусуна дуушар болот. Ошондуктан, бул топуракты эрозиядан ж. б. бузулуудан сактоо, күрдүүлүгүн жогорлатуу талап кылынат.