АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:21, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ ‒ жарышуучу, спорттук, сериялык автомобилдердин (рекорд ж. б. үчүн шосседе, автодромдо жарышуу) жана карт-

АВТОМОБ ИЛЬ СПОРТУ9.png

тардын картингинде (атайын жарышта) өткөрүлүүчү мелдеш. 1-автомобилдик мелдеш 1894-жылы Францияда Париж-Руан-Париж маршруту боюнча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдин бекемдигине, айдап жүрүү жеӊилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана бензин сарптоосуна баа берилген. Эл аралык автомобиль федерациясы 1904-жылы негизделген. Бул спорт боюнча дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.