АВЛЕТИМ (кыштак)
16:46, 14 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АВЛЕТИМ to АВЛЕТИМ (кыштак)) тарабынан жасалган версия
АВЛЕТИМ, А ф л а т у н – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл аймагынын борбору. Ит-Агар суусунун боюнда, Бозбу-Тоонун түндүк-чыгыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1110 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. 1922-жылы отурукташкан. Калкы 2102 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, токой чарбасынын кеңсеси бар. Эки мончо, 4 тегирмен, май сыгуучу жана жыгаччылык цехи, 2 ашкана, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.