АБСОЛЮТТУК БИЙИКТИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 14 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТТУК БИЙИКТИК абсолюттук б е л г и (геодезияда) – океандын ортоңку деңгээлинен жер бетиндеги кандайдыр бир чекитке чейин тик сызык боюнча ченелген аралык; бул нивелирлөө менен аныкталат. КМШ өлкөлөрүндө абсолюттук бийиктик Кронштадттагы (Балтика деңизи) футштоктун (бөлүкчөлөнгөн рейканын) нөл цифрасынан баштап эсептелет.