АВТАРКИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:42, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТАРКИ́Я (грек autarkeia ‒ өзүнө жетиштүүлүк, өзүн камсыздандыруу, өзүн-өзү каржылоочулук) ‒ мамлекеттердин чарбалык обочолонуу саясаты; өзүн-өзү камсыздандыруу экономикасын түзүү. Кубаттуу өлкөлөр көп учурда обочолонгон «чарбалык мейкиндик» түзүү деген шылтоо менен башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу максатында Автаркияны пайдаланышат. Автаркия фашизмдин расмий докторинасы болгон.