АВИС ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:13, 9 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИС ДИНАСТИЯСЫ (1385–1580) – португалиялык королдордун династиясы. Негиздөөчүсү – Авис орденинин (1147- же 1148-жылы негизделген, Португалиядагы Реконкистанын тарыхында зор роль ойногон орден) улуу магистри Жуан I. Авис династиясынын акыркы башкаруучуларынын мезгилинде Португалияда абсолютизм калыптанган.