АВИАЛАЙНЕР
Jump to navigation
Jump to search
АВИАЛАЙНЕР– жүргүнчүлөрдү ташуучу ири самолёт. Үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарда учат. Аба транспорттук тейлөө кызматы би-
ринчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Алгачкы Авиалайнер катары аскердик самолёт колдонулуп келсе, 1930-жылдардын башынан Европа, Америка авиакаттамдарында атайын жасалган, ыңгайлуу самолёттор каттай баштайт. Азыр 500 орундуу реактивдүү Авиалайнелер бар. Алгачкы реактивдүү Авиалайнерлер Ту-104, «Комет», «Боинг» 1950-жылдарда турбореактивдүү «Боинг-747», Ил-62 1970-жылдарда, үн ылдамдыгынан тез учуучу Ту-144, «Конкорд» Aвиалайнери 1976-жылдарда ишке киргизилген. Бул кенен фюзеляждуу самолёттор– акыркы жетишкен ийгиликтер.