АБУ-Л-ГАЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 3 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ-Л-ГАЗИ Бахадур хан (24. 8. 1603, Ургенч – 1664, Хива) – Хива ханы жана тарыхчы. 1643-жылы көчмөн өзбек урууларынын жардамы менен такка отуруп, өз бийлигин чыңдоо үчүн түркмөндөргө, калмактарга, Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген. Анын «Шажарай-и-түрк» жана «Шажарай-йи-таракима» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борбордук Азиянын элдеринин тарыхы боюнча баалуу тарыхый, этнографиялык маалыматтар кездешет. Абу-Л-Гази бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу менен Белек Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.