АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО
Jump to navigation
Jump to search
АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО – көркөм сүрөт искусствосунун ар түркүн белгилер жана символдор үчүн же (байыркы солярдуу символдор ж. б.) абстракттуу формалар (көбүнчө геометриялык) менен гана жасалгалоо максатында таанымал көрүнүштөрдөн баш тартуучу түрү. Анын ичинде алгачкы искусствонун башталышында, архаикалык маданиятта ᙃ(геом. стиль мегамекалык курулмаларда, байыркы грек ваза жазуусунда жана глиптикада), ошондой эле оймо-чийме жасалга чыгармачылыгында (орто кылым искусствосунда айбанаттардын абстракттуу сүрөттөрүн түшүрүү өнөрү), китеп кооздоонун айрым элементтеринде (вязь, виньеткалар ж. б.) пайда
болгон. Элдик жана балдар чыгармачылыгында ар дайым кездешет. Кээде «Абстракттуу искусство» термини абстракционизм деген мааниде колдонулат.