АБДЫЛДАЕВ БЕКЕШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 3 Август (Баш оона) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АБДЫЛДАЕВ''' Бекеш (1933 – 2013) – советтик жана кыргыз кинорежиссёру. Кыргыз Республикасынын эл а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Бекеш (1933 – 2013) – советтик жана кыргыз кинорежиссёру. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010). 1957-жылы А. Н. Островский атындагы көркөм театр институтун аяктап, Ысык-Көл (мурунку Пржевальск) облустук драма театрында актёр болуп иштеген. 1959-жылдан баштап (башка маалыматтар боюнча – 1961-жыл) «Кыргызфильм» киностудиясында, негизинен даректүү тасмалар менен алектенген. Б. Абдылдаевдин дебют лентасы 1965-жылы Л. Гуревич менен бирге тарткан «Эң тил алчаак» көркөм тасмасы болуп эсептелет. «Ой жүгүртүү», «Бакча», «Проспект», «Нарын жылдыздары», «Почта», «Жер кызы», «Тартуу», «Кыргызстан коммунистеринин форуму», «Моюнга алуу» (1979) сыяктуу элүүдөн ашык киножурнал жана киноочерк, кыска жана толук метраждуу хроникалык-даректүү тасмаларды тарткан. Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда сабак берген.

2013-жылдын 15-январында Бишкек шаарында каза болгон.