АБИДОВ Абдыкадыр Омарович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:04, 2 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИДОВ Абдыкадыр Омарович (1965-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну Төлөйкен кыш. ) – техника илимдеринин доктору (2003). 1990-ж. ФПИни бүткөн. Эмгек жолун Ош технология университетинде окутуучу болуп баштаган. КР УИАнын машина куруу институтунда инженер, кенже илимий, улук илимий, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. КРдин инженердик академиясында башкы окумуштуу, Ош технология университетинде институттун директору, кафедра башчысы, ректор. А. 60 ил. эмгектин, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби, 3 патенттин ээси.