АБДЫЛДАБЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:52, 1 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАБЕК Алымбек уулу (болжол менен 1831/32–1876) – 1873–76-жылдардагы кыргыздардын Кокон хандыгына жана орус баскынчыларына каршы күрөшүн жетектегендердин бири. Алымбек датка менен Курманжан датканын тун уулу. 1862-жылы Алымбек датка хан сарайындагы кутумда өлтүрүлгөндөн кийин Абдылдабек Ош шаарын башкарып калган. Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы 1865-жылы алайлык кыргыздар баштаган көтөрүлүш Кыргызстандын бардык түштүк аймактарына тарап, 1873-жылы Фергананын борбордук бөлүгүн камтыган. Ага кыргыздар гана эмес өзбек, тажик элдери да кошулган. Көтөрүлүшчүлөр кыргыздын ичкилик уруусунан чыккан Исхак Асан уулун Полот хан деп жарыялашкан. Ошол учурда аны жандап жүргөн Абдылдабектин бул окуяда салымы өтө зор. Көтөрүлүш ийгиликсиз аяктап, Полот хан орустар тарабынан даргага асылган. Кокон хандыгы биротоло жоюлуп, Россиянын үстөмдүгү орнотулган. Орус баскынчыларына каршы күрөш кыргыздардын арасында 1876-жылдын августуна чейин улантылган. Анын башында Курманжан датка жана анын балдары турган. Күрөштү биротоло басуу үчүн орус аскерлери эки жолу аскердик жүрүшкө чыгууга аргасыз болушкан. 1876-жылы апрелде орус аскерлеринин отряды Алайдын Жаңырык капчыгайында Абдылдабек баштаган кыргыз кошуунунун катуу каршылыгына кабылган. Жергиликтүү чыккынчылардын жардамы менен гана орус аскерлери коргонууда турган кыргыз кошуунунун артынан капысынан чабуул коюп, ийгиликке жетишкен. Бирок орус аскерлери тоо арасын аралап кеткен кыргыздардын изине түшүүгө даай албай, артка кайтууга аргасыз болгон. 1876-жылы июль-август айларында генерал Д. Скобелев 2-Алай экспедициясын уюштуруп, кыргыздарды жазалоого аракет кылган. Орус аскерлери Абдылдабек баштаган кыргыздарды туткунга алууга мүмкүн эмес экендигине көзү жеткен соң, анын энеси Курманжан датканы Д. Скобелевге алып келишет. Ал датканы сый-урмат менен тосуп алып, уулу Абдылдабек баштаган кыргыздарды орус бийлигине баш ийдирип берүүнү өтүнгөн. Курманжан датка генералдын сунушун кабыл алууга аргасыз болуп, натыйжада алайлыктар (17380 түтүн) Россиянын бийлигин тааныган. Бирок, Абдылдабек орус бийлигине баш ийгиси келбей Афганистанга өтүп кеткен. Ошол жерден көз жумуп, жүрөгү Алай жергесине алып келип коюлган.