БАЗАРОВ Геннадий Садырович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:08, 31 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-жыл, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы ‒ 5. 2 2023-жыл, Бишкек шаары) ‒ кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмггек сиӊирген ишмер (1974). 1966-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-жылы «Саманчынын жолу» тасмасын дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (сценарийдин авторлору Х. Булатов, Г. Дегальцев, А. Шаршенов, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи»

БАЗАРОВ 1115.png

(Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы боюнча), «Айыӊ» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) жана башка көркөм тасмаларды жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыӊгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллалар, даректүү тасмалар жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А.Темирова, Г. Ажыбекова жана башкалар жөнүндө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган.

Иш тажрыйбасы

·        1959-1961-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы, режиссёрдун жардамчысы

·        1966—2002-жылдары «Кыргызфильм» студиясында режиссёр-коюучу

·        2001—2004-жылдары Кыргызстан улуттук киноакадемиясынын президенти

·        2002—2004-жылдары «Кыргызтелефильм» студиясынын директору

·        2004—2022-жылдары «Кыргызтелефильм» студиясынын режиссёру

Көркөм тасмалары (режиссёр-коюучу)

·        1964-жыл, «Дуба» курстук иши

·        1965-жыл, «Тыным» курстук иши

·        1967-жыл, «Саманчынын жолу» дипломдук иши

·        1969-жыл, «Буктурма»

·        1972-жыл, «Көчө»

·        1976-жыл, «Көздүн кареги»

Көркөм тасмалары (режиссёр, сценарист)

·        1977 – «Ката»

·        1978 – «Каныбек»

·        1984 – «Биринчи» (сценарийдин соавтору)

·        1987 – «Чоңдор үчүн баш калкалоочу жай»

·        1989 – «Кутум»

·        1992 – «Аномалия»

·        2003 – «Карагыз»

·        2007 – «Метаморфоза»

·        2008 – «Чыгуу»

·        2009 – «Жаннат»

·        2012 – «Нонсенс»

Кыска метраждуу көркөм тасмалары

·        1994 – «Түндө»

·        1994 – «Антракт»

·        1999 – «Периштенин күнү»

Даректүү тасмалары

·        1974 – «Искусство жөнүндө баян»

·        1976 – «Оркестр»

·        1985 – «Жазуучу»

·        1988 – «Айтматов»·

       1996 – «Гульсара»

·        1997 – «Палитра»

·        1997 – «Юбилей»

·        1998 – «Тартуулардын ортосундагы интервью»

Жарыяланган повесттери

·        1983-жыл, «Инсанга жакындашуу» (Чынгыз Айтматов жөнүндө)

·        1985-жыл, «Ой жүгүртүү үчүн тыным»

·        1995-жыл, «Гримаса»

·        2001-жыл, «Отурукташкан жер»

·        2002-жыл, «Маңызы»

·        2008-жыл, «Хава Нагила»

·        2009-жыл, «Ноктюрн»

Алган сыйлыктары

·        1969-жыл, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы

·        1976-жыл, «Ардак Белгиси» ордени

·        1982-жыл, СССР Кинематографисттер Союзунун Ардак грамотасы

·        1985-жыл, «СССРдин кинематографиясынын отличниги»

·        1987-жыл, «Эмгек ардагери» медалы

·        1997-жыл, Президенттик «Алтын калем» сыйлыгынын лауреаты

·        2003-жыл, 3-даражадагы «Манас» ордени

·        2006-жыл, «Жылдын адамдары» долбооруна катышкандыгы үчүн Ардак диплому

·        2006-жыл, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты

·        2006-жыл, «2006-жылдын мыкты адамы» наамы

·        2009-жыл, Мустафа Ататүрктүн «Адамзаттын руханий казынасына кошкон татыктуу салымы үчүн» эл аралык алтын медалы

·        2013-жыл, Кыргызстандын кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты

·        2022-жыл, 2-даражадагы «Манас» ордени