АБДУРАХМАНОВ Хасан Икрамович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:33, 31 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАХМАНОВ Хасан Икрамович (1945, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы–2002, Бишкек) – хирург-уролог, медицина илимдеринин доктору (1993), профессору (1996). КММИни бүтүрүп (1970), ошол эле жерде ассистент (1971-92), 1993-жылдан КММАда балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы, урология, эндокринология боюнча адис болгон. 50дөн ашык илимий эмгектердин автору.

Эмг.: Пузырно-мочеточниковый рефлекс у детей (в соавторстве). Б., 1991; Лечение рефлекснефропатии у детей. Б., 1995.