БАЗАРОВ Геннадий Садырович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 31 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-жыл, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы ‒ 5. 2 2023-жыл, Бишкек шаары) ‒ кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмггек сиӊирген ишмер (1974). 1966-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-жылы «Саманчынын жолу» тасмасын дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (сценарийдин авторлору Х. Булатов, Г. Дегальцев, А. Шаршенов, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи»

БАЗАРОВ 1115.png

(Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы боюнча), «Айыӊ» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) жана башка көркөм тасмаларды жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыӊгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллалар, даректүү тасмалар жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А.Темирова, Г. Ажыбекова жана башкалар жөнүндө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.