АБДУЛ-ЖАББАР Карим

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:52, 28 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛ-ЖАББАР (Abdul-Jabbar) Карим (өзүнүн фамилиясы жана аты Алсиндор (Alcindor) Фер динанд Льюис) (16.4.1947-жылы туулган, Нью-Йорк) – баскетбол спортунун тарыхындагы ортодо ойногон эң алдынкы америкалык спортчу. 1969-жылдан Улуттук баскетбол ассоциациясынын (УБА) «Милуоки Бакс» клубунда ойной баштаган. Исламды кабыл алып (1971) атын өзгөрткөн. 1975-88-жылдары 6 жолку УБАнын чемпиону (1971, 1972, 1973-76, 1980). «Лос-Анджелес Лейкерсте» ойноп, 2 жолу эң мыкты оюнчу катары бааланган. УБАнын тарыхындагы эң натыйжалуу оюнчу (38387 упай). Автобиографиялык «Гигант кадамдар» («Giant steps», 1983) жана «Карим» («Кагеет», 1990) китептеринин автору. «Өлүм оюну», «Зор өрдөктөр-2», «Питтсбургду сактап калган балык» ж. б. фильмдерге тартылган.