АБДРАХМАНОВ Жусуп

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 28 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАХМАНОВ Жусуп (28. 12. 1901, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Күнгөй-Ак-Суу болуштугу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл району, Жаркымбаев айылы – 8. 6. 1938, Кыргызстан, Таш-Дөбө, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, саясий жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз АССР ЭКСтин биринчи төрагасы, КРдин Баатыры (2021, көз жумгандан кийин).

АБДРАХМАНОВ 125.png

1911–16-ж. Сазановка (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус-жергиликтүү мектебинде, Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирип, көп өтпөй эле рота командиринин жардамчысы болгон жана Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкан. 1919-жылы Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун Президиумунун жана РКСМдин Жети-Суу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-жылы Москвада өткөн РКСМдин 3-съездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-жылдан партиянын Алматы, Талды-Коргон уезддик - шаардык комитеттеринин жооптуу кызматтарында, 1921-жылы марттан Каракол уезддик-шаардык комитетинин жооптуу секретары, 1922–24-жылдары партиянын Бишкек уезддик-шаардык комитетинин, Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы марттан Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу секретары болуп шайланган. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун партбюросунун секретары болуп бекитилген. 1925-жылы майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облаткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-жылы марттан 1933-жылы сентябрга чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы, ошол эле мезгилде РСФСР БАКтын, кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1933-ж. сентябрда «Компартияга каршы аракеттенген» деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облаткомунда жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарба боюнча орун басары болуп иштеген. 1937-жылы 10-июнда «контрреволюциячыл Алаш-Ордо уюмунун катышуучусу» деген жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын чечими менен толук акталган. 1989-жылы партиялуулугу калыбына келтирилген. 1918-жылы Түркстан АССРи уюшулганда кыргыз эли экиге бөлүнүп, Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар Сыр-Дарыя облусуна (өзбектердин курамына), түндүк бөлүгү Жети-Суу облусуна (казактардын курамына) кошулган. Бул эки облуста тең кыргыздар этностук азчылыкты түзүп, алардын социалдык-экономикалык жана маданий мүдөөлөрү эске алынбай калган, бул кезде кыргыз тилинде басма сөз иши, мектеп ж. б. болгон эмес. Ушундай шартта ал И. Арабаев, А. Сыдыков ж. б. менен бирдикте Кыргыз тоолуу облусун түзүү идеясы менен чыгышкан. Бирок россиялык жана түркстандык айрым жетекчилердин улуу державалык-унитарчыл позициясынан жана кыргыз жетекчилеринин бийлик үчүн жаатташып айыгышкан күрөшүнөн улам өз алдынча облус түзүү идеясы орундалбай калган. Ошого карабай Абдрахманов сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин өз алдынчалык үчүн тынбаган аракеттеринин натыйжасында 1924-жылы бул долбоор ишке ашып, Кара Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылы Кыргыз АССРи, 1936-жылдан Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. Абдрахманов Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеп турган жылдары (1927–33) Кыргызстандын эл чарбасын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Мисалы, 1928-жылы Бишкек-Токмок темир жолун курууну (келечекте аны Балыкчыга жеткирүүнү) көздөгөн, СССР өкмөтүнүн 1928–29-жылдардагы курулуш планына киргизүүгө жетишкен, Бишкекке эт комбинатын, Кантка кант заводун курдурууну, Чүй өрөөнүндөгү ири ирригациялык маселелерди ж. б. чечкен. Ал кыргыз тилинин маанисин көтөрүүгө, башкаруу жана чарбалык органдар аппаратына жергиликтүү элден адистерди даярдоого өзгөчө камкордук көргөн. Анын жетекчилиги менен кыргыз тилин окуп үйрөнүү жана аны акырындык менен иш кагаздарына киргизүү, кыргыз тилин билген европалык адистерге жеңилдиктерди берүү программасы киргизилген. Абдрахманов өкмөт башчысы жана отурукташтыруу боюча комитеттин төрагасы катары көчмөн жана жарым көчмөн калкты жер-жерлерде жайгаштырууда албан эмгек сиңирген. Натыйжада отурукташуу көчмөндөрдү ачкачылыктан, турмуш-тиричилик ыңгайсыздыгынан, жугуштуу ж. б. оорулардан куткарып, калктын санынын көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөрүн айкын билип, ал бул жагдайда зор уюштуруучулук жөндөмүн көрсөткөн. Анын 1932-жылдагы ачарчылык учурунда мамлекеттин «кол тийгис дан фондунун» белгилүү өлчөмүн элди ачарчылыктан сактап калуу максатында пайдаланганы кийин партиялык линияны бурмалап бузгандык катары бааланган. Абдрахманов өз элинин тарыхын жигердүү илимий изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө чындык менен акыйкаттын өңүтүнөн жазылган китеби, реалдуу проблемаларды чагылдырган «Күндөлүгү» белгилүү. Ысык-Көл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл совети), Бишкек шаарынын бир көчөсү Абдрахмановдун ысымы менен аталган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели, ошондой эле туулган айылына жана Каракол шаарында эстелик тургузулган.
Ад.: Джунушалиев Д. Ж. Время созидания и трагедий 20-30-е годы XX в. Б., 2003.

Ж. Жунушалиев