АБШЫР ФОСФОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР ФОСФОРИТ КЕНИ-- Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суусунун сол жээгинде, автомобиль жолунан 300–500 м батышта, деңиз деңгээлинен 2050-2200 м бийиктикте. 1973-85-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кембрийдин акиташ жана доломит тектеринин фосфориттүү горизонтунда фосфорлуу беш катмар бар. Келечектүү №1 кен катмарынын узундугу 100 м, калыңдыгы 15–20 м. Мьнда фосфор ангридинин өлчөмү 9%. Пайдалуу компонентти ажыратып алуу технологиясы изилденген эмес. №1 кен катмарынын ачык казып алууга мүмкүн болгон болжолдуу ресурсу 150 миң т.