АБШЫР-САЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР-САЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар кыштагынан 5 км түштүк тарапта, Абшыр-Сай капчыгайындагы аска беттерине тартылган байыркы сүрөттөр. 1979-жылы Абшыр-Ата шаркыратмасынан 20 км түштүк тарапта, суунун башатындагы аскага тартылган сүрөттөр археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан изилденген. Бул жерден эчки-текелердин, жаныбарлардын, ошондой эле стилдик жагынан Араван жана Сүрөт-Таштагы аска бетине тартылган даңазалуу даван аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү кездешет.