АББАСИДДЕР
АББАСИДДЕР – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-ль-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббас активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөнү менен 751-жылы алардын аскери Таластын жанында Кытайлар менен болгон салгылашта кытайлардын батышка карата экспансиясын токтотууга жетишкен. Аббасиддер халифаты Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754–775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), анын борбору ал-Момун тарабынан негизделген Багдад ш. болуп калган. Аббасиддер халифаты Түндүк Африкадан Амур дарыясына чейинки аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан ажырап, мамл. бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары менен сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы менен маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, Аббасиддер халифаты менен Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр күч менен басылып, византиялыктар менен хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган. Аббасиддердин тушунда халифттын түздөн-түз колдоосу менен курандын тарыхына жана андагы шарият мыйзамдарына кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган. Аббасиддер халифаты айрыкча ал-Махдинин (775–785), Муса аль-Хади (785–786), Харун ар-Рашид (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813) жана ал-Мамун (813–833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий жана маданий борбору катары бүткүл дүйнөгө даңазаланып турган. 8-кылымдын аягында Аббасиддер халифатынан айрым аймактар (Марокко, 788) бөлүнөт. 9-кылымдын башында Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 10-кылымдын орто ченинде халифатта айыл чарба өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши Аббасиддер бийлигин алсыратып, алардын карамагында Багдад, Ортоңку жана Төмөнкү Месопотамия (азыркы Ирак менен Сириянын аймагы) гана калган. 1055-жылы Багдаддын сельжуктар бийлигине өтүшү Аббасиддердин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-кылымдын орто ченинде сельжуктар Ирактын аймагында өз алдынча мамлекет түзүп, монголдор жапырыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-жылы Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунттугунан аман калган Аббасиддин өкүлү ал-Мустансирди 1261-жылы Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-жылы Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил IIIнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет - Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.