АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттардын атомдорунун жана молекулаларынын электрмагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдөө методу. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн, ошондой эле заттардын ички энергиясы ар түрдүү формага өткөндө азаят. Заттын жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун жана молекуланын электрондук түзүлүшүнө, ошондой эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттын концентрациясына, температурасына, электр жана магнит талааларына көз каранды. Заттардын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн спектрофотометр колдонулат. Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атом жана молекуларынын табияты агрегаттык абалы менен аныкталат.