АБРАМЦЕВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБРАМЦЕВО – Москва облусунун Загорск шаарына жакын жердеги музей-чарбак. 18-кылымда Головиндердики, 1843-жылдан Аксаковдор, 1870-жылдан С. И. Мамонтов ээлеген, 1918-жылдан музей. 18-кылымдын ортосунда жыгачтан салынган чарбак үй, паркында «орус стилиндеги курулуштар (чиркөө, 1881–82-ж.) бар. С. Т. Аковдукуна Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, М. С. Щепкин келип турушкан. 1870–90-жылдары орус көркөм чыгармачыл интеллигенция турмушунун маанилүү борбору; бул жерде К. А. Коровин ж. б. иштешкен; жыгач оймолоо жана майолика өнөрканалары уюштурулган. Абрамцево 1977-жылдан расмий түрдө «Абрамцево» мамлекеттик тарыхый көркөм жана адабий музей коругуна айланды.
К. Сарбанов.