АСПЕРДИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Чот уулу А ж ы д а т к а (болжол м-н 1780‒1852) ‒ кыргыздардан чыккан таасирдүү инсан, саруу уруусунун бийи. 1826-ж. Мадалы хандын тушунда датка наамын алып, ага Талас өрөөнүн башкаруу укугу берилген. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы датка» аталып калган. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө бир тууган жээни Шераалыны хан көтөрүүдө чоӊ роль ойногон. А. датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Кара-Буура суусунун жээгинде жашаган ж-а кыргыз элинде кадыр-баркка ээ болгон. Кокон хандыгы м-н кыргыз элинин байланыштарына өз салымын кошкон. Хандык м-н кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты, достукту ж-а ынтымакты чыӊдоого аракетин жумшаган. Дат

ка динди бекем тутуп, бийлигин калыстык м-н жүргүзгөн.

А. Абасбеков.