«АМФИБИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:34, 26 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АМФИБИЯ» (гр. amphibios – эки жактуу жүрүүчү) – кургакта, сууда жүрүүчү аскердик же транспорттук машина (танк, транспортёр, автомобиль, самолёт ж. б.). 1) Т а н к, транспортёр «Амфибиянын» чөкпөстүгү анын жылчыксыз бүтөлгөн корпусунун сууга сыйымдуулугу менен камсыз болот. Кыймылга келтирүү үчүн суу шилөөчү винт, каз тамандуу чынжыр (каз тамандуу техникаларда) сыяктуу механизмдер пайдаланылат. «Амфибия» алгач биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда даярдала баштаган. 1921–22-жылдары АКШ менен Францияда «Амфибиянын» танк үлгүлөрү жасалган. Кызыл Армия сууда сүзүүчү танк (Т-37) менен 1932-жылдан тартып куралданган. 2) А в т о м о б и л ь – «Амфибия» адам жана жүк ташуу, аларды дарыя, көлдөрдөн өткөрүү максатында колдонулат. 3) Суудан жана жерден учууга, ошондой эле конууга ылайыкталган дөңгөлөк шассиси бар с а м о л ё т – «Амфибия» 4) Аэрочана – «Амфибия» – карда гана эмес, сууда сүзүп, күбүрдүү музда жүрүүгө ылайыкталган кайык-лыжалар.