АЭРОСЪЁМКА
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОСЪЁМКА, а э р о ф о т о с ъ ё м к а ‒ учуучу аппараттардан жер бетин сүрөткө түшүрүү (оптикалык спектрдин бардык диапазонунда). Пландуу жана перспективдүү, ошондой эле фотографиялык, телевизордук, жылуулук, радиолокациялык жана чөлкөмдүү аэросъёмкаларга бөлүнөт. Аэросъёмканын материалдары ‒ аэросүрөттөр, фотосхемалар, фотопландар геодезиялык, геологиялык жана инженердик изилдөөлөрдө колдонулат.