АБДУЛАЕВ Курманкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛАЕВ Курманкул (1918, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Бөрү-Баш кыштагы) - механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).1931-жылдан Түп районундагы «Маяк» совхозунун жумушчусу, 1937-жылдан комбайнчы. Ал жыл сайын өндүрүштө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, түшүм жыйноодо зор ийгиликтерге жетишкен. 1956-жылы 520 га аянттагы эгинди чаап, 11565 ц дан бастырган. 1959-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

АБДУЛАЕВ32.png