АБДУЛ-ХАМИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛ-ХАМИД (21. 9. 1842, Осмон империясы, Стамбул, Топкапы – 10. 2. 1918, Бейлербейн, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); империянын акыркы башкаруучусу. Абдул-Хамид мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү жана чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-жылы конституцияны жарыялоого жана парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы менен «Жаңы осмондор» кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. Алгач бул шарттарды ишке ашырган Абдул-Хамид кийинчерээк 1876–78-жылдары орус-түрк согушунун кыйынчылыктарынан пайдаланып, парламентти тараткан жана 1876-жылы конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. Абдул-Хамид майда улуттардын жана дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мисалы, армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, анын ичинде чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири боюнча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, ошондой эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга шарт түзгөн. Абдул-Хамиддин Германиянын кайзери Вильгельм II менен өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-жылы герман-түрк соода келишими түзүлгөн жана немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-жылы аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү жана парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-жылы 24-июлда Абдул-Хамид бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-жыды 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары Абдул-Хамиддин макулдугу менен Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан Абдул-Хамидди бийликтен четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган.