АБДУЖАБАРОВ
15:39, 24 Июль (Теке) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Removed redirect to АБДУЖАБАРОВ Абдухамит) тарабынан жасалган версия
АБДУЖАБАРОВ Абдухамит Халилович (1941-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу айылы) – жол куруучу, техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). ТашПИни (1964), Өзбек ИАнын аспирантурасын бүтүргөн (1970). Ташкен шаардык аткаруу комитетинин башкармалыгында мастер-жолчу, Өзбек ИАнын МСКИде илимий кызматкер, кафедра жанa лаборатория башчысы, ФПИнин доценти, илимий бөлүмдүн начальниги болуп иштеген. 1995-жылдан КМКТАУда (КГУСТА) кафедра башчы, 50дөн ашуун илимий эмгектин автору. Алар негизинен тоолуу жердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен транспорт курулмаларынын сейсмо туруктуулугуна арналган.
Эмг.: Сейсмостойкость транспортных сооружений. Ташкент, 1992; Сейсмостойкость автомобильных и железных дорог. Б., 1996.